Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 12:20

VIII Б. БАШМЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ТАРТИБИ

Нет фотки

64-берене

1. Башмыйзамдык сот, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча келип түшкөн сунушту карайт, тез аранын ичинде корутунду чыгарат.

2. Өзгөчө кырдаалдар мезгилинде жана согуштук абал учурунда ушул Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

3. Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынына түшкөн мыйзам долбоору кайтарылганда, Мыйзам чыгаруу жыйыны кайра кайтарылган долбоорду мыйзамга ылайык карайт.

4. Мыйзам чыгаруу жыйыны, Кыргыз Эл Республикасынын Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун, Башмыйзамдык соттун корутундусун эске алуу менен, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен жактырат жана Элдик Курултайдын бекитүүсүнө коёт.