Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 12:14

VI Б. КРНЫН ЖОГОРКУ ЖАНА АЙМАКТЫК СОТТОРУ

Нет фотки

2- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАКТЫК СОТТОРУ

 

58-берене

1. Аймактык соттун судьясы болуп курагы 30 жаштан кем эмес, жогорку юридикалык билими жана 5 жылдан кем эмес юридикалык стажы бар жана кесипкөйлүкк сыноодон ийгиликтүү өткөн Кыргыз Эл Республикасынын жараны боло алат.

2. Аймактык соттун судьяларын Жогорку соттун Президиумунун сунушу менен өз кичи мекенинен тышкаркы аймакка, атаандаштык негизде 5 жылга Жергиликтүү курултайлардын төрагаларынан турган Аймактык Жыйын шайлайт

3. Аймактык соттордун судьялары тиешелүү жергиликтүү курултайларда сот адилеттүүлүгүнүн аткарылышы боюнча жыл сайын отчёт беришет.

4. Аймактык соттордун судьялары шайланган аймакта беш жыл иштегенден кийин кайра шайланууга жатат.

5. Каралып жаткан иш боюнча тараптардан соттордон отчёт талап кылуу, көрсөтмө берүү, кысым көрсөтүүгө жатат.

6. Судьялардын кол тийбестиги мыйзам чегинде сакталат. Аларды кылмыш жасап жаткан учурдан башка жагдайда кармоого, камоого, үйүн жана унаасын тинтүүгө же жеке өзүн аңтарууга тыюу салынат.

7. Ишти жабык кароого мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте гана жол берилет. Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка шарттарда ишти сырттан кароого жол берилбейт.

8. Айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна алганынын негизинде гана соттолбойт.