Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 12:13

VI Б. КРНЫН ЖОГОРКУ ЖАНА АЙМАКТЫК СОТТОРУ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУ

57-берене

1. Баардык соттордун соттоо практикасы жыл сайын Жогорку Сот тарабынан сөзсүз жана милдеттүү түрдө изилденип, туура эмес чечимдерди кабыл алган соттордун жоопкерчилиги Жогорку Соттун Президиумунда каралат жана чара көрүлөт.

2. Кайсы соттун судьясы болбосун, ишти өз убагында карабагандыгы үчүн, мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

3. Бир жылда үч жолу иши бузулган учурда судья кызматынан четтетилет жана экинчи жолу сот системасына, судьялык кызматка алынбайт жана жоопкерчилиги мыйзам чегинде аныкталат.

 

4. Кыргыз Эл Республикасынын күчүнө кирген соттук чечимдери, токтомдору, актылары бүт республиканын аймагындагы бардык мамлекеттик органдар, чарбалык субъектилер, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

3. Сот чечимдерин, токтомдорун, актыларын аткарбаган, так аткарбаган же аларды аткарууга каршылык көрсөткөн, сот ишмердүүлүгүнө киришкен жарандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке, тартылат.