Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

17 марта 2021 г. 23:16

I БӨЛҮМ. БАШМЫЙЗАМДЫК ТҮЗҮЛҮШ 3-берене

Нет фотки

3-берене

1. Кыргыз Эл Республикасынын эли, ушул Башмыйзамдын жана мыйзамдардын негизинде, өз бийлигин Курултайларда, шайлоолордо, ошондой эле элдик башкаруу, мамлекеттик жогорку жана төмөнкү аткаруу органдары аркылуу жүргүзөт жана шайлаган өкүлдөрүнө өз укуктарын табыштай алат.

 2. Кыргыз Эл Республикасынын ички, сырткы саясий коопсуздугунун башкарылыш жоопкерчилиги Кыргыз Эл Республикасынын Элдик Курултайына (кыскартылышы-Элдик Курултай) таандык. Анын жыйынынын жумушчу мөөнөтүнөн тышкаркы убактарда ал жоопкерчилик Кыргыз Эл Республикасынын Президентине (кыскартылышы- Президент) өтөт.

3. Кыргыз Эл Республикасынын жарандары, жашы 18ге толгон курактан тартып шайлоо укугуна ээ.

4. Мамлекеттик маанилүү маселелер, Элдик Курултайдын добуш берүүсүнө коюлат. Жагдайдын талабына жараша, мурунку Элдик Курултайдын чечимдери кийинки Элдик Курултайдын чечими менен жокко чыгарылышы мүмкүн.