Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:48

V БӨЛҮМ. ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА ӨКМӨТ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

47-берене

1. Кыргыз Эл Республикасынын Президенти республикадан сыртка чыккан, эс алган, дарыланган мезгилдеги убактылуу милдетин аткарууга мүмкүн болбогондо, мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулганда, жаңы Президент шайланганга чейин ушул Башмыйзамга ылайык, анын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин Кыргыз Эл Республикасынын Элдик Курултайынын Төр Кеңешинин төрагасы убактылуу аткарат.

2. Кыргыз Эл Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучу кызмат адамы- Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүн өзгөртүүгө, Кыргыз Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга, Кыргыз Эл Республикасынын Башмыйзамына жана Кыргыз Эл Республикасынын өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү сунуштоого, Кыргыз Эл Республикасынын Президенттигине талапкерлигин коюуга укуксуз.

3. Кыргыз Эл Республикасынын Мамлекеттик катчысы мамлекеттин идеологиялык иштерин Кыргыз Эл Республикасынын Президентинин жетекчилигинде, Элдик Курултайдын Нарктык Кеңешинин багыт берүүсүндө алып барат.