Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

17 марта 2021 г. 23:14

I БӨЛҮМ. БАШМЫЙЗАМДЫК ТҮЗҮЛҮШ 2-берене

Нет фотки

 

1. Кыргыз Эл Республикасынын Башмыйзамы эң жогорку мыйзамдык күчкө ээ жана түздөн-түз колдонулат.

2. Мамлекеттик тилде жазылган ушул Башмыйзам- түп нуска. Башка тилдеги котормо талаш жаратса, түп нуска артыкчылык укугуна ээ.

3. Кыргыз Эл Республикасынын Башмыйзамынын негизинде Башмыйзамдык мыйзамдар, кодекстер, мыйзамдар, Президенттин жарлыктары жана башка укуктук ченемдик актылар кабыл алынат.

4. Кыргыз Эл Республикасы катышуучу болуп күчүнө кирчү эл аралык келишимдер жана эл аралык укуктук ченемдик актылар, Кыргыз Эл Республикасынын Башмыйзамынын, Башмыйзамдык мыйзамдарынын жана башка укуктук ченемдик актыларынын талаптарынан жогору турбайт.