Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:46

V БӨЛҮМ. ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА ӨКМӨТ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

 

45-берене

1. Кыргыз Эл Республикасынын Президенти, Мамлекеттик аткаруу бийлигинин башчысы катары өзүнүн жана аткаруу бийлигинин ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайына жыл сайын отчёт берет.

2.Президенттин мамлекетке жасаган чыккынчылыгынын далилденишине,       жыл сайын өлкөнүн өнүгүү программасынын, республикалык бюджеттин аткарылбашына, улуттук идеологиянын иштебешине, кылмыштуулукка катыштыгы далилденгендигине, Элдик Курултайдын жыйынына өзүнө колдоочулук иш уюштургандыгына байланыштуу Кыргыз Эл Республикасынын Элдик Курултайынын Кыргыз Эл Республикасынын Президентине берген “Канааттандырарлык эмес” деген баасынын негизинде кызматтан алынат, ал акыркы жана даттанууга жатпайт. Президенттик кызматтан четтетилгенден кийин ал Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурорунун корутундусунун негизинде, кылмыш белгилеринин болгондугуна байланыштуу, кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылат.

3. Кыргыз Эл Республикасынын Президенти президенттик ишмердигинде кол тийбестик иммунитетке ээ. Кызматта өзү жана үй-бүлөсү мамлекеттен камсыздалбайт, эмгек маяна алат, үй-бүлөсү мамлекеттен камсыздалбайт, Резиденцияда үй-бүлөсү менен жашашы мүмкүн. Кызматта кызмат унаа берилет жана кайтарылат. Калган кызматтагы ишмердигине керек каржы жана техникалык каражаттар мыйзамга ылайык камсыз кылынат.