Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:40

V БӨЛҮМ. ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА ӨКМӨТ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

 

44-берене

Кыргыз Эл Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары:

  1. Кыргыз Эл Республикасынын Башмыйзамынын, башка мыйзамдарынын бардык

мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү аткаруу органдары жана жарандары тарабынан аткарылышын камсыз кылат;

  1. Өкмөт бийлигинин мүчөлөрүнөн, аткаруу бийлик бутактарынын төрагаларынан

турган Мамлекеттик аткаруу кеңешин түзөт.

 3. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу, Мамлекеттик аткаруу кеңеши менен Элдик Курултайдын Төр Кеңешинин биргелешкен жыйыны- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши чакырылат.

3. Айыл жана Конуш аймактардын Курултайларынын сунушу менен аймактардын Акимдерин жана Бишкек, Ош шаарларынын Мэрлерин дайындайт;

4. Мамлекеттер аралык, эл аралык, өкмөттөр аралык келишимдерге мыйзамдарга ылайык кол коёт, же Мыйзам чыгаруу жыйынына каршы пикири менен кайтарат.

5. Мыйзамдарга кол коёт же мыйзамдарды каршы пикири менен Мыйзам чыгаруу жыйынына кайтарат;

6. Кыргыз Эл Республикасынын бардык аймактарында аткарууга милдеттүү болгон жарлыктарга кол коёт жана элге жарыялайт;

7. Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына кол коёт, алардын аткарылышын камсыздайт.

8. Өкмөттүн түзүмү жана курамы боюнча Элдик Курултайга сунуш берет.

9 Эл аралык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мамлекет жана өкмөт аралык келишимдерге кол коёт,

10 Кызматташуу грамоталарына кол коёт;

11. Кыргыз Эл Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт, аларды кайра чакырып алат;

12 Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын ишеним жана кайра чакырып алуу грамоталарын кабыл алат;

13 Кыргыз Эл Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу, саясий башкалка берүү маселелерин чечет.

 

 14 Кыргыз Эл Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот;

 15. Жагдайдын талабына ылайык өзгөчө абалды айрым бир жерлерде жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Элдик Курултайдын Төр Кеңешине токтоосуз билдирет;

 16. Мамлекетке баскынчылык жасалганда же түздөн түз баскынчылык коркунучу туулганда, өлкөнү коргоо жана анын жарандарынын коопсуздугун сактоо кызыкчылыгынан келип чыккан согуш абалын жарыялайт жана бул жөнүндө Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Элдик Курултайдын Төр Кеңешине токтоосуз кабар берет. Жалпы жана айрым аймактарда чектелген мобилизациялоо жарыялайт.

17 Кыргыз Эл Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен жарандарды сыйлайт;

18. Кыргыз Эл Республикасынын жарандарына ардак наамдарын ыйгарат;

20. Жогорку аскердик, адистештирилген жогорку аскердик, наамдарды, класстык чиндерди, квалификациялык класстарды, жогорку дипломатиялык рангдарды ыйгарат;