Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:39

V БӨЛҮМ. ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА ӨКМӨТ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

43-берене

1. Кыргыз Эл Республикасынын Президенти болуп мамлекеттик тилде таза сүйлөгөн жана жаза билген, улуттун тарыхын жакшы билген, мекенчил, элдин наркын, салтын карманган, жогорку билимдүү, маданияттуу, ден-соолугу чың, мурда соттолбогон, чет өлкөдө өзүнүн жана жакындарынын жашыруун активдери жок, Президенттикке талапкер болгонго чейин республикада кеминде 20 жыл жашаган, жаш курагы 40 тан жогору, кыргыз тектүү Кыргыз Эл Республикасынын жараны шайланууга укуктуу.

2. Кыргыз Эл Республикасынын Президенттигине талапкерлер, Элдик Курултайга шайланып келген өкүлдөрдүн ичинен 9 талапкер Нарктык Кеңеште люстрациядан өткөндөн кийин Элдик Курултайга сунушталып, алардын ичинен өкүлдөрдүн көпчүлүк добушун алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланат.

3. Кезектеги Кыргыз Эл Республикасынын Президентин шайлоо, ишмердүүлүгүн аткарып жаткан Кыргыз Эл Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары бүтөрүнө бир ай калганда жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Эл Республикасынын Президенти өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде саясий партиялардагы, кыймылдардагы, бирикмелердеги, уюмдардагы ишмердигин, аларды колдоочулугун токтотот жана башка кызматты ээлөөгө, ишкердик кылууга укугу жок.

5. Кыргыз Эл Республикасынын Президенти кызматка киришүү алдында Кыргыз Эл Республикасынын Элдик Курултайында элге ант берет. Жаңы шайланган Кыргыз Эл Республикасынын Президенти ант бергенден тартып, мурдагы Президенттин ыйгарым укуктары токтойт.