Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:38

V БӨЛҮМ. ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА ӨКМӨТ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

 

42-берене

Кыргыз Республикасынын Президенти:

1. Кыргыз Эл Республикасынын Мамлекеттик аткаруу бийлигинин башында турган эң жогорку кызмат адамы;

2. Башмыйзамдын аткарылышынын, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигинин, жарандардын укугунун жана эркиндиктеринин, салттуулуктун жана адилеттиктин бекем сакталышынын кепили.

3. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын, алардын ишке ашырылышын аныктайт, аны Элдик Курултайдын бекитүүсүнө коёт Элдик Курултайда бекитилген өнүгүү программасын ишке ашырат.

4. Кыргыз Эл Республикасынын жана анын өкмөтүнүн атынан өлкөнүн ички жана эл аралык саясатын жүргүзөт жана алардын майнаптуулугу боюнча жооп берет;

5. Кыргыз Эл Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо жана камсыз кылуу чараларын көрөт;

6. Мамлекеттик органдардын өз-ара ишмердиктеринин ырааттуулугун, эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат;

7. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы ;

8. Ыйгарым укуктарын Кыргыз Эл Республикасынын бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Эл Республикасына тиешелүү мекемелеринде, уюмдарында, элчиликтеринде милдеттүү түрдө аткарылчу жарлыктарды чыгаруу менен жүргүзөт.

9. Ушул Башмыйзамда жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.