Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:31

IV Б. МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ ЖАНА БАШМЫЙЗАМДЫК СОТ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ

35-берене

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы:

1.Мамлекеттин ички жана тышкы мыйзам чыгарууга байланышкан алакаларында Мыйзам чыгаруу жыйынынын атынан чыгат;

2. Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумун алып барат;

3. Мыйзам чыгаруу жыйынынын жалпы ишин жетектейт жана отурумунда каралуучу маселелерди даярдоону, талкуулоону уюштурат;

4. Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзамдарга, актыларга кол коёт;

5. Кыргыз Эл Республикасынын аткаруу, сот жана башка мамлекеттик жогорку бийлик органдары менен башмыйзамдык негизде ишмердик жүргүзөт;

6. Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратынын ишмердигине көзөмөл кылат;

7. Мыйзам чыгаруу жыйынынын Регламентинде көрсөтүлгөн жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.