Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:28

IV Б. МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ ЖАНА БАШМЫЙЗАМДЫК СОТ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ

 

34-берене

Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын ыйгарым укуктары:

  1. Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамы, кесиптик деңгээли туура келген 44 депутаттан турат.
  2. Мыйзам чыгаруу жыйыны, өзүнүн курамынан Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасын, жана эки орун басарын шайлайт.

3. Кыргыз Эл Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргыз Эл Республикасынын башмыйзамын жетекчиликке алат, Башмыйзамды өзгөртүү муктаждыгына байланыштуу Башмыйзамдын иштелип чыккан долбоорун Элдик Курултайга сунуштайт.

4. Кыргыз Эл Республикасынын Башмыйзамдык сотунун Баш мыйзамга каршы келген мыйзамдарын карайт.

5. Кыргыз Эл Республикасынын мыйзамдарын кабыл алат жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

6. Кабыл алынган мыйзамдар тууралуу түшүндүрмө берет;

7. Республикалык бюджетти кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;

8. Мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык, эл аралык келишимдердин долбоорлорунун мыйзамдуулугун карайт жана мыйзамга ылайык ратификациялайт.

9. Кыргыз Эл Республикасынын ардактуу наамдарын, ардактуу белгилерин жана аскер наамдарын, дипломаттык рангдарын, класстык чиндерин берүүнүн тартибин бекитет;

10. Кыргыз Эл Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн республикадан тышкаркы аймактарда мамлекеттер аралык колдонуу маселесин чечет.

11. Кыргыз Эл Республикасынын Президенти киргизген согуш абалын, киргизгенден баштап бир сутканын ичинде бекитет же четке кагат.

12.. Кыргыз Эл Республикасынын Элдик Курултайынын ыйгарым укуктарына кирбеген башка дагы мыйзамдуулукка байланыштуу маселелерди карайт жана чечет.

13. Ушул Башмыйзамга ылайык иштелип чыккан мыйзамдардын негизинде тазалануу (люстрация) мыйзамынын долбоорун иштеп чыгат, кабыл алат жана аткарылышын көзөмөлдөйт.