Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:28

IV БӨЛҮМ. МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ ЖАНА БАШМЫЙЗАМДЫК

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ

 

33-берене

1. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары шайлангандан кийин Жыйындын биринчи сессиясына Элдик Курултайдын Төр Кеңеши тарабынан чакырылат жана ачып берилет.

2. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты:

2.1 Башмыйзамга баш ийет.

2.2 Кол тийбестик иммунитетине ээ эмес.

3. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарына унаалык, турак жайлык, атайын ооруканалык жеңилдиктер берилбейт жана туруктуу маянадан башка сыйлык каражаттары каралбайт.

4. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты өзү ыйгарым укуктарын токтотууга арыз берсе, Мыйзам чыгаруу жыйыны тараса, же анын ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүн эместиги жөнүндө соттун чечими чыкса, дайынсыз жоголду же өлдү деген соттун чечими күчүнө киргенде анын ыйгарым укуктары токтойт.

 Депутаттын ыйгарым укугу аны айыптаган соттун өкүмү күчүнө киргенде, башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылган ишин таштабаганда, Кыргыз Эл Республикасынан башка жакка туруктуу жашоого көчүп кетсе, Кыргыз Эл Республикасынын жарандыгынан чыкса же жарандык укугунан ажыратылса да токтойт.