Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:26

III БӨЛҮМ. ЭЛДИК БАШКАРУУ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛДИК КУРУЛТАЙЫ

 

31-берене

Кыргыз Эл Республикасынын Элдик Курултайы:

1. Кыргыз Эл Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн жана өздүк курамын Кыргыз Эл Республикасынын Президентинин сунушу менен 5 жылга бекитет;

2. Башмыйзамдык соттун, Жогорку соттун төрагаларын Соттордун курултайынын сунушу менен 5 жылдык мөөнөткө бекитет.

 3. Кыргыз Эл Республикасынын Башкы Прокурорун, Кыргыз Эл Республикасынын Мамлекеттик катчысын, Улуттук коопсуздук комитетинин, Улуттук Банктын, Эсептөө Палатасынын, Статистика комитетинин төрагаларын Кыргыз Эл Республикасынын Президентинин сунушу менен 5 жылга дайындайт же отчётунун негизинде кызматтан алат.

4. Өлкөнүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын, коопсуздугун, ички жана тышкы саясатынын негизин, улуттук идеологияны карайт жана бекитет;

 5. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн, Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Башмыйзамдык соттун, Жогорку соттун, Улуттук Коопсуздук комитетинин (жабык түрдө), Улуттук Банктын, Эсептөө жана Көзөмөл Палаталарынын, Статистика комитетинин төрагаларынын, Башкы Прокурордун отчётун угат, алардын ишмердигине “Канааттандырарлык” же “Канааттандырарлык эмес” деген баа берет.

Элдик Курултайда ишмердиги “Канааттандырарлык эмес” болуп бааланган Президент же жогорку кызмат адамдары кызматынан четтетилет, мыйзамга ылайык Элдик Курултайда жаңы кызмат адамы шайланат.

6. Кыргыз Эл Республикасынын Элдик Курултайынын иштөө мөөнөтү Элдик Курултайдын регламенттик муктаждыкка жараша аяктайт.