Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

27 марта 2021 г. 11:23

III БӨЛҮМ. ЭЛДИК БАШКАРУУ

Нет фотки

1- БАП. КЫРГЫЗ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛДИК КУРУЛТАЙЫ

 

28-берене

1.Кыргыз Эл Республикасынын Элдик Курултайы республиканын нарктык-укуктук, саясий-экономикалык, идеологиялык, өнүгүүлүк маселелерин, бийлик бутактарынын ишмердигин багыттоочу, элдик көзөмөл жүргүзүүчү, мамлекеттик бийлик органдарынан жылына отчёт алып ишмердигине баа берип чара көрүүчү эң жогорку элдик бийлик.

2. Кыргыз Эл Республикасында Курултайлар тутуму:

Республикада -Элдик Курултай

Элетте -Айыл Аймактык курултай

Шаарларда - Конуш Аймактык курултай

3. Жергиликтүү курултайлар эң төмөнкү администрациялык- аймактык башкаруунун элдик башкы башкаруу органын түзөт

4. Элдик жана Жергиликтүү курултайлардын иштөө тартиби Башмыйзамдык мыйзам менен аныкталат.