21-берене
Кыргыз Эл Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө укуктуу:
1. Элдик Курултайга, Мыйзам чыгаруу жыйынына, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоого жана аларга шайланууга түздөн-түз же өздөрү шайлаган өкүлдөрүнө укугун табыштоо аркылуу башкарууга катышууга;
2. Республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана бюджеттик киреше-чыгаша боюнча маалымат алууга;
3. Кыргыз Эл Республикасынын мыйзамдарына ылайык куралсыз, тынчтык жолу менен, митингдерге, демонстрацияларга, жөө жүрүштөргө жана пикеттерге биригүү эркиндигине катышууга;
4. Иш таштоого, билим алууга жана илим изилдөөгө, эмгектенүүгө жана эс алууга, кесиптик жана чыгармачылык союздарды түзүүгө, саламаттыгын сактоого, мамлекеттик саламаттык сактоо тармагынын кызматынан мыйзамга ылайык акысыз пайдаланууга;
5. Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу кызматтарына бирдей укукта орношууга;
6. Кыргыз Эл Республикасынын чегинде эркин жүрүүгө, убактылуу турууга, жашаган жерин тандап алууга, Кыргыз Эл Республикасынан каршылыксыз эркин чыгып жана кайтып келүүгө;