Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

23 марта 2021 г. 15:06

2- БАП. КООМДУК-РУХИЙ БАШМЫЙЗАМДЫК ТҮЗҮЛҮШ 16-бер

Нет фотки

 

16-берене

Кыргыз Эл Республикасында төмөнкү аракеттерге жана ишмердиктерге тыюу салынат.

1. Автономиялык аймактык бирдиктерди түзүүгө;

2. Улуттук сепаратизмге, шовинизмге, салттуу жамааттардын ынтымагын кетирүүгө;

3. Мамлекеттик жана партиялык институттардын биригүүсүнө, диний жана этникалык негизде саясий партия түзүүгө, элдин кызыкчылыгына жана талаптарына каршы мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлүнтүүгө, социалдык, улуттар аралык, диний касташууну тутандырууга, элдик асыл нарк, дөөлөт мурастарга залака келтирүүгө багытталган партиялык, коомдук, мамлекеттик эмес уюмдардын иш аракеттерине;

4. Куралдуу Күчтөрдү ички саясий маселелерди чечүүгө колдонууга;

5. Жарандардын бирикмелерине аскердик тутумдарды түзүүгө;

6. Социалдык, расалык, улуттар аралык, тил же диний көз караштагы жек көрүү жана артыкчылык кылуу сезимдерин ойготкон пропаганда же үгүт иштерине;

7. Кыргыз Эл Республикасында чет өлкөлөрдөн каржыланган улуттун кызыкчылыгына каршы иштеген партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, диний агымдардын жана жеке адамдардын аракеттерине;

8. Инсандын ар-намысына шек келтирген, адамды басынткан, гуманизмге каршы диндерди жайылтууга жана диний экстремизмге;

9. Диний ишмердүүлүктүн улуттук баалуулуктарга залакасын тийгизүүсүнө, аларга саясий максаттар менен милдеттерди көздөөгө;

10. Жалпы жана улуттук баалуулуктарга каршы келчү басылма, жалпыга маалымдоо каражаттарын, оюн-зоок жана башка коомдук чараларды уюштурууга, цензурага.

11. Мектеп жашындагы балдарга мамлекеттик программадагы милдеттүү негизги билим берүүнү алмаштырган билим берүүгө;

12. Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка, адамдын макулдугусуз ал жөнүндө купуя маалымат топтоого, сактоого, жайылтууга;

13. Адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык жана кибернетикалык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;

14. Сотто адамдын өзүнө, үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө же жакын туугандарына каршы күбө болууга мажбурлоого.

 15. Юридикалык же жеке тараптын же алардын бирикмелеринин экономикалык ишмердиктерин ар кандай жолдор менен үстөмдүккө алып келүүчү укуктук ченемдик актыларды кабыл алууга;

 16. Адамдын эркиндигин жана укуктарын жокко чыгарган, же басмырлаган, жарандардын социалдык-экономикалык абалын начарлатуучу мыйзамдарды кабыл алууга;

 17. Улуттук коопсуздук кызматынын ишин негиздөөчү мыйзамдарына же инструкцияларына кыргыз элинин наркына, салтына залака келтирүүгө же үй-бүлөнүн ыркын кетирүүгө алып келүүчү идеяларды, беренелерди киргизүүгө;

 18. Согуштук же өзгөчө кырдаал абалында Кыргыз Эл Республикасынын Башмыйзамына жана Башмыйзамдык мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүгө;

 19. Жаңы салыктарды киргизүүдө салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдарды кабыл алууга;

20. Бир туугандык же үй-бүлөлүк жакындыгы бар адамдардын мамлекеттик органдын же мекеменин жооптуу кызматтарында бирге иштөөсүнө;

21. Мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген адамдарга жана алардын жакын туугандарына чет өлкөдө купуя активдерди кармоого;

22. Чет өлкөгө, Кыргыз Эл Республикасында иштеп табылган капиталды, келишимде же мыйзамда белгиленген өлчөмдөн ашыкча жана жашыруун чыгарып кетүүгө;

23. Адамдарды жалданма жумушка эмгек келишимисиз иштетүүгө;

24. Балдарды жалданма эмгекке колдонууга;

25. Эмгек акыларды адамга купуя чегерүүгө;

26. Айыл чарбасынын, республикалык маанидеги авто жана темир жолдоруна же электр чубалгыларына, аэропортторуна, суу сактагычтарына керектелүүсүнөн башка максаттарга, сугат жерлерин пайдаланууга;