Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

23 марта 2021 г. 14:57

I БӨЛҮМ. БАШМЫЙЗАМДЫК ТҮЗҮЛҮШ 12-берене

Нет фотки

12-берене

1. Кыргыз Эл Республикасында, мамлекеттик өнүгүү программасынын негизинде, улуттук экономиканы өнүктүрүү жана аны коргоо чаралары көрүлөт.

2. Мамлекет ар түрдүү кошмо түрдөгү айыл чарба бирикмелерин колдойт, алардын өзүн өзү алдынчалыгын тааныйт.

3. Чет мамлекеттердин, эл аралык субъекттердин юридикалык тараптарынын, жарандарынын катышуусундагы түзүлгөн ишканалардын үлүшүнүн көзөмөл пакети мамлекеттин, мамлекеттик ыйгарым укуктуу юридикалык тараптардын колунда болот. Кыргыз Эл Республикасындагы чет элдик жарандарынын, юридикалык тараптарынын жана башка мамлекеттердин жана эл аралык субъекттердин Кыргыз Эл Республикасындагы менчик объектилеринин тагдырын чечүүсүнө, ошондой эле сырт тарап көпчүлүккө ээ болгон ишканалардын түзүлүшүнө жол берилбейт.

4. Кыргыз Эл Республикасындагы чет элдик инвесторлор каржылаган ишканалардагы чет элден келип иштегендердин саны жалпы иштегендердин санынын 5 пайызы менен чектелет.

5. Башмыйзамга каршы келген эл аралык келишимдер кабыл алынбайт.

6. Кыргыз Эл Республикасынын аймагындагы чет элдик экономикалык, коомдук, өкмөттүк эмес ж.б. субъектилердин баары Кыргыз Эл Республикасынын мыйзамдарына баш ийет.