Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

17 марта 2021 г. 23:25

I БӨЛҮМ. БАШМЫЙЗАМДЫК ТҮЗҮЛҮШ 9-берене

Нет фотки

9-берене

1. Кыргыз Эл Республикасы мамлекеттик символдорго – улуттук Тууга, Гербге жана Гимнге ээ. Алардын маани-маңызы жана расмий колдонулуш тартиби мыйзам менен бекитилет.

2. Кыргыз Эл Республикасынын борбору - Бишкек шаары.

3. Кыргыз Эл Республикасынын акча бирдиги – сом.

4. Кыргыз тили – мамлекеттик тил.

5. Орус тили – расмий тил.

6. Кыргыз Эл Республикасында мамлекеттик жазма маалыматтар мамлекеттик тилде жазылат, башка тилдеги жазуулар котормо ирээтинде колдонулат.

7. Кыргыз Эл Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосундагы алакаларда төлөм каражаты катары чет элдик валюталарды колдонууга жол берилиши мүмкүн.