Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.

+996703155597
+996703155597

17 марта 2021 г. 23:23

I БӨЛҮМ. БАШМЫЙЗАМДЫК ТҮЗҮЛҮШ 7-берене

Нет фотки

7-берене

1. Мамлекет жана анын органдары элдин кандайдыр бир бөлүгүнө эмес, бүтүндөй элге кызмат кылышат.

2.  Мамлекеттик жана элдин кызыкчылыгындагы чечимдер көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат. Чечимдерди кабыл алуу, элдин, жарандардын кызыкчылыгында жүргүзүлөт.

3. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Башмыйзамда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында иш жүргүзүшөт.

4. Мамлекеттик бийликти өзүнчө уюшкан топ, бир дагы социалдык же коомдук бирикме, эч бир инсан жеке кызыкчылыгына, мамлекеттик күч органдарын колдонуу же өзүнчө жашыруун топ түзүү менен ээлеп алууга укугу жок.

5. Бийлик бутактарынын башчылары элдик тынчтык кыймылдарындагы митингдик, жамааттык жана башка акциялык талаптарын угууга, жооп берүүгө милдеттүү жана күч колдонуп таратууга акысы жок. Күч колдонуп тынчтык кыймылдарын таратуу – элдик бийликти менчиктеп тартып алууга жатат жана мамлекеттик кылмышкер катары жоопко тартылат.

6. Бийлик бутактарынын башчылары тарабынан мекендин бүтүндүгүнө доо кетирүү, өлкөгө чыккынчылык кылуу, Президенттин же жогорку бийлик өкүлдөрүнүн сыртка качып кетүүсү, коррупция жана ушул сыяктуу элге каршы эң оор кылмыштар эбактыгына карабастан жазаланууга жатат.